• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда финалга чыкты

Спорт 0


Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Жоломан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда финалга чыкты. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 12-18-декабрда Белград шаарында (Сербия) өтүүдө.

Финалда Шаршенбеков (60 кг) россиялык Степан Марянян менен кармашат.

Эскерте кетсек, кыргызстандык спортчу жарым финалда түркиялык Ахмед Уярды 5:1 эсебинде жеңип алган. Ага чейинки кармашууда молдовалык, белорусиялык спортчуларды жеңген. Ал эми Руслан Царев 72 салмак ченинде күрөшүп, коло медалдын ээси болду.

Пикир

Оставить комментарий