• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө боюнча иш: Исаков отурумга келүүдөн баш тартты

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө тууралу иш боюнча кезектеги отурум өтүүдө.

Отурумдун башында судья Сапар Исаковдун сотко жөнөткөн билдирүүсүн окуп берди.

«Мен соттук жыйынга катышуудан баш тартам. Мурда сиздин чечимиңиз менен четтетилип, суракка катышууга мүмкүнчүлүгүм жок болчу», - деп айтылат билдирүүдө.

Мурда мамлекеттик айыптоочулар мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду Кылмыш кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратууну жана зыяндын ордун толтуруу иретинде 247 млн сом төлөтүүнү суранган.

Ал эми президенттин аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этностор аралык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мира Карыбаеваны Кылмыш кодексинин 302-беренесинин 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айыппул салууну өтүнүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий