Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Бишкек мэриясы калаадагы көмүр саткан түйүндөрдүн даректерин жана коюлган баалар тууралуу айтып берди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Ленин району боюнча калкка көмүр төмөндөгү отун базаларынан сатылат:
- Мурманск көчөсү, 126 дарегиндеги көмүр базасында «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
- Мурманск көчөсү, 45/2 дарегинде (мурдагы «Торг-Синтез» ЖЧКсы) «Кара-Жыра» көмүрүнүн тоннасы 6000 сом;
- «Береке» ЖЧКсы, Мурманск көчөсү 122, 122а дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 5000-6500 сомдон;
- «Беш Сары» ЖЧКсы, Мурманск көчөсү 1Б дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 5500 сом;
- Дэн Сяопин проспектиси, 306а дарегиндеги КР Коргоо министрлигинин көмүр базасында «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
- ЖИ "Болотбеков", Дэн Сяопин проспектиси, 308/4 дарегинде “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 5500 сом;
- «Золотая корпорация» ЖЧКсы, Мурманск 1Б дарегинде, кире бериши түштүк тараптан. «Шабыркүл» көмүрүнүн тоннасы 6000 сом;
- Жеке ишкер «Абиев Нурлан», Алыкулов көчөсү, 6б дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом.
Биринчи май районунда Кара-Кече көмүрү төмөнкү даректерде сатылат:
- Ак-Босого конушу, Профессор Зима 156а дарегинд 1 кап көмүрдүн баасы 220 сом, бир тонна көмүр 6000 сом, Чүй 23 көчөсү, 43 үйүндө 1 кап 230 сом;
- Щербаков көчөсү 121 дарегинде 1 кап көмүр 200 сом;
- Махатма Ганди жана Жапаров көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүр 210 сом жана тоннасы 6000 сомдон, ошондой эле тандалган көмүрдүн тоннасына 7000 сомдон;
- Алтын-Бешик конушундагы Алтын-Бешик жана Мидин көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүрдүн баасы 250 сомдон, тоннасы 6000 сомдон сатылууда;
- Дэн Сяопин пр., 531 дарегинде 1 мүшөк көмүр 280 сомдон;
- Тынчтык» конушу 12-көчөсү, 19-үйдө бир кап көмүр 250 сомдон;
- Месарош көчөсү, 96 дарегинде 1 кап көмүр 240 сомдон сатылууда;
- Калыс Ордо конушу, 106-көчөсү, 1-үйдө 1 кап көмүр 250 сомдон.
Ошол эле учурда кышка жакын 15-20дай стационардык пункттар ачылат.
Свердлов районунда көмүр төмөнкү жерлерде сатылат:
- Достоевский көчөсү №1, «Шабыркүл» тоннасы 6200 сом;
- айланма жолдун боюндагы «Келечек» конушунда “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 5800-6000 сом.
Октябрь районунда көмүр төмөнкү жерлерде сатылат:
- «Глобал Азия Пропертиз» ЖЧКсы «Төкөлдөш» конушу, «Аламүдүн» станциясында Казакстандын Кара-Жыра көмүрүнүн 1 тоннасынын баасы 6200 сом;
- Кара-Жыгач конушу Л.Толстой көчөсүндө «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
- Рухий-Мурас конушу Бейшеналиева көчөсү - Рухий Мурас 2 көчөсү, “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 6000 сомдон.
Пикир
Оставить комментарий