• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте күндүн ысыгы 10-июлга чейин созулат

Коом 0

Бишкек, 4-июль /Кабар/. Бишкекте күндүн ысыгы ушул айдын онуна чейин созулат.

Кыргызгидрометрологиянын маалыматына ылайык, 7-9-июлга чейин кургак жана өтө ысык аба ырайы күтүлөт. Республиканын көпчүлүк райондорунда абанын температурасы 6…8° градус жылуу болот. Абанын температурасынын мындай көтөрүлүшү Чүй, Талас жана Ош облустарында күтүлүүдө.

Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 20....25°, күндүзү 37…42°, ал эми Ысык-Көлдө күндүзү 30...35°, түнкүсүн 15...20°, Нарында күндүз 32...37°, түнкүсүн 10...15° градус жылуу болот.

Күндүн мындай ысыгында күн нурунун ачуу тийишинен качуу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий