• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Айгүл Жапарова ата-энелер жана балдар үчүн уюштурулган "Алтын казык" фестивалына катышууда

Коом 0


Бишкек, 30.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган ата-энелер жана балдар үчүн "Алтын казык" интерактивдүү фестивалына катышууда

Иш-чарада биринчи айым бардык балдарды майрамы менен куттуктады.

"Бул саамалыктын мааниси чоң. Анткени, бала мээримдүү, камкор үй-бүлөдө чоңойсо, өмүр бою бактылуу болуп, келечекте үй-бүлөсүнүн гана эмес, мамлекетинин сыймыгы, байлыгы болот. Үй-бүлөдөн башка эч ким балага келечекте таяна турган жашоодогу туура баалуулуктарды сиңире албайт. Жагымдуу чөйрө жана мээримдүү үй-бүлө баланын туура жана дени сак өнүгүүсүнүн ачкычы болуп саналат", - деп белгиледи ал.

Сөзүнүн соңунда Айгүл Жапарова да ата-энелерди балдарына туура адаттарды, туура тамактанууну үйрөтүүгө жана гаджеттерге көңүл бурбоого чакырды.

"Ата-энелер балдары менен көбүрөөк сүйлөшүп, алар менен бирге түрдүү кызыктуу оюндарды ойношу керек. Мен чоң эне, апа жана аял катары бардык балдарды ден соолукта жана бактылуулукта көргүм келет. Балдык аялдарды балдарына мээримдүү жана камкор болууга чакырам", - деди ал.

Эскерте кетсек, "Алтын казык" фестивалы "Супара" этно-комлексинин жетекчилиги менен биргеликте "Роза Отунбаеванын демилгелери" фонду тарабынан уюштурулган.

Иш-чарага иш-чарага КР президентинин пппаратынын Саясий-экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн саясатты иштеп чыгуу, мониторинг жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова, "Супара" этно-комплексинин жетекчиси Жаңылсынзат Турганбаева, БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жетекчиси Кристин Жаулмес, Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин жубайы Мария Доган катышууда.

Пикир

Оставить комментарий