• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Героинди ири өлчөмдө ташуу жана сатуу менен алектенгендер кармалды

Коом 0

Бишкек, 18.04.18 /Кабар/. Ички иштер органдары тарабынан героинди ири өлчөмдө ташуу жана сатуу менен алектенген жарандар кармалды.

КР ИИМ басма сөз кызматы билдиргендей, баңгизаттардын ири өлчөмдөгү партиясын аткезчилик жол менен ташууга бөгөт коюуга багытталган атайын операция ийгиликтүү аяктады. ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери баңгизаттарын мыйзамсыз жүргүртүү менен алектенип жүргөн жарандардын тобу тууралуу жана баңгизаттын ири көлөмдөгү партиясын сатууга аракет кылып жатышкандыгы жөнүндө маалымат алышкан.

2018-жылдын 17-апрель күнү болжол менен таңкы саат бештерде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы менен БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Токтогул көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинен Таджикистан Республикасынын 1968-жылы туулган М.М. аттуу жараны менен Ош облусунун 1977-жылы туулган М.Н. аттуу убактылуу жашоочусу кармалышкан. М.Н. аттууга таандык автоунаасын текшерүү учурунда ичинен 13 даана скочтолгон ак түстөгү, өзгөчө жыты бар зат табылган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси менен (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) кылмыш иши козголгон.

Экспертизанын жыйынтыгы менен алынган зат 13 килограмм 500 грамм салмактагы “героин” баңгизаты болуп чыккан. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда аталган кылмыш ишине тиешеси башка жарандардын өздүгүн тактоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. 1977-жылы туулган М.Н. аттуу кармалган жаран Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну болуп чыгып, ИИМдин АБПнын бөлүмдөрүнүн биринде ага тескөөчү болуп иштейт. Наамы подполковник.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан бул факты кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

ИИМдин офицерлеринин аброюна шек келтирген аталган жарандын атайын наамынан жана башка ыйгарым укуктарынан ажыратуу боюнча маселе сотто каралат.

Пикир

Оставить комментарий