• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте күндүзгү стационарларда 216 медкызматкер жана 22 ыктыярчы медициналык жардам көрсөтүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 17.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бишкек шаарындагы күндүзгү стационарларда 216 медкызматкер жана 22 ыктыярчы медициналык жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин аймагында 13 күндүзгү стационар ачылган. Алар Ленин районунда 5, Свердлов районунда 3, Октябрь районунда 2, Биринчи май районунда 3.

“Күндүзгү стационар эртең мененки саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин иштөдө. Ал жерде 216 медкызматкер жана 22 ыктыярчы медициналык жардам көрсөтүүдө. Күндүзгү стационарларда электрондук кезек терминалдары орнотулуп жатат. Ал эми дарыгерлерге акысыз тамактануу жана мейманканаларда жашоо уюштурулган”, - дейт ал.

Алымкулов стационарларда күн сайын дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий