• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

COVID-19. Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 150 адам оор абалда жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында коронавируска кабылган 150 адам оор, 21и өтө оор абалда жатат. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ооруканадан 3 миң 500 бейтап дарыланып чыкты.

"Кызыл аймакта 250 медкызматкер иштөөдө. Алардын 40ы дарыгер, калгандар кенже кызматкерлер. Ооруканада 48 реанимациялык орундук бар", - дейт ал.

Дарыгер белгилегендей, жарандар санитардык эрежелерди аткарбай жатат. Беткап тагынуу, аралыкты сактоо, колду жуу жана башка керектүү эрежелер көз жаздымында калууда

Пикир

Оставить комментарий