• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Бишкекте көп балалуу энелер “Баатыр эне” ордени менен сыйланышты

Коом 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Бишкек шаарында жети жана андан көп баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан энелер “Баатыр эне” ордени менен сыйланышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 12-майындагы №150 жарлыгына ылайык, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов санитардык нормаларды сактоо менен, көп балалуу энелерди куттуктап, “Баатыр эне” орденин тапшырды.

"Калаа башчысынын милдетин аткаруучу “Баатыр энелерге” чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана бакубат жашоо каалады", - деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан 27 энеге "Баатыр Эне" ордени тапшырылды:

- Давлетова Айзада Асылкеримовна;

- Айдарова Алина Майрамалыевна;

- Иманходжаева Сайкал Руслановна;

- Исираилова Гульнара Шерботоевна;

- Касымбекова Айсулуу Салмоорбековна;

- Кидикова Гүлзада Токоновна;

- Мамбетова Асель Акылбековна;

- Нишанбаева Зулайка Шералиевна;

- Сарыкуева Элина Замирбековна;

- Саидова Зарнигор Зудоидодовна;

- Турдукулова Назгүл Касымалиевна;

- Абдурахманова Халидахон Рахманжановна;

- Абылова Клара Кадырбековна;

- Жумагулова Аксана Абдинабиевна;

- Кемелова Назира Ильясовна;

- Токтосунова Анара Жолдошбековна;

- Асылбекова Айгүл Сабырбековна;

- Ахметова Калыгүл Аралбековна;

- Баймуратова Зулкумар Маматкуловна;

- Головина Светлана Викторовна;

- Жакыпова Наргиля Акжоловна;

- Казакбаева Гүлзина Жамгырчиевна;

- Касымова Гульнара Рахатовна;

- Рысалиева Салкынай Сатарбековна;

- Садыбакасова Мээрим Зарылбековна;

- Табылдиева Гүлзия Табылдиевна;

- Ырысбекова Жаңыл Саткынбековна.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 792 көп балалуу эне каттоодо турат, алардын 539у “Баатыр Эне” ордени менен, 253ү “Эне Даңкы” медалы менен сыйланышкан.

Пикир

Оставить комментарий