Бишкекте көп кабаттуу үйдөгү батирден өрт чыгып, эки бала куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 8-кабатындагы батирден өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 11:59да Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 12:05те Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1, саат 12:01де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 автошаты жана штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 12:37де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө.

Өрт өчүрүүчүлөр өрт чыккан батирдин ичинен 2 жаш баланы аман-эсен куткарып, ошондой эле башка батирлерден жалпы 8 адам эвакуациялаган.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий