Бишкекте троллейбустар штаттык режимде иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Бишкекте троллейбустар штаттык режимде иштей баштады, деп билдирет Бишкек троллейбус башкармалыгы.

Троллейбустар бүгүн саат 11:00дөн тарта жүргүнчүлөрдү ташый баштаган.

Эске сала кетсек, бир нече күн катары менен троллейбустардын иши убактылуу токтотулган. 26-октябрда болсо бир күн бою жүргөн жок. Мындай чара 26-27-октябрь күндөрү Бишкек шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин Улуттук координаторлор кеңешинин кезектеги жыйыны өткөндүгүнө байланыштуу болгон.

Пикир

Оставить комментарий