• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Бишкекте көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү иши уланууда

Коом 0

Бишкек, 14.09.23./Кабар/. Бишкекте көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү иши уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 7-Апрель көчөсү менен Курманжан Датка көчөсүн бойлой Жибек Жолу проспектисине чейин жарнама конструкцияларды алуу боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Рейддин жыйынтыгында 20 жарнамалык баннер демонтаждалды.

Буга чейин комиссия жарнамаларды жана кулактандырууларды таратуу эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Текшерүүлөр шаардын архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана мамлекеттик тилдеги тышкы жарнаманы жана маалыматтын тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, тышкы жарнаманы жайгаштырууну жана иштетүүнү тартипке келтирүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий