• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КМШ өлкөлөрүнүн театралдык фестивалын негиздөө сунушталды

Маданият 0

Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте өткөн КМШнын чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI форумунун алкагында шериктеш өлкөлөрдүн театр союзунун жетекчилери жана театр ишмерлери тегерек столдо жолугушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Анда катышуучулар театр өнөрү, аны алып жүрүү, маданияттулукка жана гумандуулукка тарбиялоого көмөк көрсөтүп, идеологиялык багытта иш алып барып жаткан театрдын учурдагы орду белгиленип, эл аралык алаканы бекемдөө жана тажрыйба алмашуу, театр жаатында жетишсиз адистерди окутуу күндүн темасы болду.

Талкуу учурунда тараптар айтылган бардык сунуштарды эске алып, МГКФдин колдоосу алдында КМШ өлкөлөрүнүн театр фестивалын негиздеп, алгачкы фестивалды Өзбекстанда өткөрүү, Ысык-Көлдө балет искусствосунун фестивалын жана Белоруссиядагы "Шериктештик жылдызы" сыйлыгынын ээлеринин Гала-концертин өткөрүү чечими кабыл алынды.

Мындай ири фестивалдарды өткөрүү аркылуу театр тармагындагы эл аралык алаканы бекемдеп, тажрыйба алмашууга мыкты аянтча болору белгиленди.

Тегерек столго Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык башкармалыгынын тең төрагасы, Россия Федерациясынын Президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой, Молдованын театр союзу" коомдук бирикмесинин төрагасы Александр Греку, Армениянын театр ишмерлер союзунун төрагасы А. Паронян атындагы Ереван мамлекеттик музыкалык театрынын көркөм жетекчиси Акоп Казанчян, Казакстан Театр ишмерлер союзунун төрагасы Тунгышбай Жаманкулов, Азербайжан мамлекеттик орус драма театрынын директорунун чыгармачылык боюнча орун басары Валентина Резникова, Беларусь Республикасынын Улуттук академиялык Чоң опера жана балет театрынын башкы директору Екатериан Дулова, Түркмөнстандын Маданият министрлигинин театрлар жана оюн-зоок мекемелер бөлүмүнүн башчысы Агамурад Балтаев, Өзбекстан мамлекеттик жаштар театрынын директору Фарход Джураев баштаган чет-элдик театр ишмерлери, өнөрпоздору жана Кыргызстандан Кыргыз Республикасынын театр ишмерлер союзунун төрагасы Жаныш Кулманбетов баштаган театр сынчылары, театр режиссёрлору, актёрлору жана шаардык жана аймактык театр жетекчилери катышты.

Пикир

Оставить комментарий