• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Бишкекте кафеден чыккан өрт өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Бишкек шаарында кафеден чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тоголок Молдо менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде кафеден өрт чыкканы маалымдалган. Өрт саат 08:57 чектөөгө алынып, саат 11:01де толук өчүрүлдү.

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана Штаб тартылды. Өрттүн жалпы аянты 350 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий