• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте кайрымдуулук жарманкеси өттү

Коом 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында кайрымдуулук дипломатиялык жарманкеси болуп өттү.

Маалыматка ылайык, жарманке Тышкы иштер министрлиги жана Бишкек мэриясы тарабынан Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулуп, ага Кыргызстанда аккредиттелген 12 дипломатиялык өкүлчүлүк жана 1 консулдук мекеме катышты.

Жарманкеге келгендер ар кандай товарларды, ошондой эле чет мамлекеттердин улуттук тамак-аштарын жана суусундуктарын татып көрө алышты. Жарманкенин катышуучулары тарабынан түшкөн бардык каражаттар кайрымдуулук иштерине жумшалат.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги «Сейтек» Балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борбору менен биргеликте дипломатиялык корпустун башчылары жана өкүлдөрү, ошондой эле чакырылган коноктор үчүн майрамдык концерт уюштурду.

Концерттин жүрүшүндө балдардын чыгармачылык топтору дүйнө элдеринин бийлерин жана ырларын тартуулашты.

.

Пикир

Оставить комментарий