Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук базасында өсүмдүк майынын бир литрин 105 сомдон, ал эми 5 литрин 525 сомдон сатып алууга болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган база Л.Толстой көчөсү, №234 дарегинде жайгашкан, байланыш номери: 0558 90 06 66.
"Анда Россияда өндүрүлгөн өсүмдүк майы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы белгилеген баада сатылууда", - деп түшүндүрүштү муниципалитет.
Пикир
Оставить комментарий