• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эмгек министри Улуу Британиянын элчиси менен кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу маселесин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Улуу Британиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Николас Боулер менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптар жолугушуунун жүрүшүндө кыргызстандыктарды сезондук жумушка орноштуруу маселесин талкуулашты.

“Президент Садыр Жапаровдун миграциялык кырдаалды жакшыртуу боюнча Жарлыгынын алкагында министрлик жарандарды чет өлкөлөрдө мыйзамдуу, коопсуз ишке орноштуруу үчүн шарттарды түзүү боюнча ар кандай иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул аларга кошумча билим жана көндүмдөргө ээ болууга мүмкүндүк берет.

Учурда Кыргызстандын жарандарын Улуу Британияда убактылуу сезондук жумушка мыйзамдуу түрдө жумушка алуу Улуу Британиянын өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген үч оператор менен түзүлгөн келишимдердин негизинде ишке ашырылат.

Келишимге ылайык, 2023-жылга Кыргызтандын жарандары үчүн 8 миң адам квотасы бөлүнгөн", - деп белгиледи министр.

Белгилей кетсек, ушул күнгө карата сезондук айыл чарба кызматкерлеринин программасы боюнча улуу британиянын фермаларында ийгиликтүү өткөн Кыргызстандын жарандарынын жалпы саны – 5 230 түздү.

Пикир

Оставить комментарий