• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте кан басымы жогору болгон 5 автобус айдоочусу каттамдан четтетилди

Коом 0

Бишкек, 11.05.24. /Кабар/. Бишкекте коомдук транспорттун кан басымы жогору болгон 5 айдоочусу каттамдан четтетилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, башкармалыктын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү таң эрте Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттун айдоочуларын текшерүүгө алды.

Текшерүү учурунда эч кандай лицензиясы жок каттамга чыгып жүргөн жана техникалык талаптарга жооп бербеген коомдук транспорттор аныкталып, автобекеттин жетекчисине 35 миң сом айып салынды.

“Айдоочуларды каттамга чыгуунун алдында наркология бөлүмүнөн текшергенде 5 айдоочунун кан басымы жогору экендиги аныыталды. Алар коопсуздук үчүн убактылуу каттамга чыгуудан четтетилди”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий