• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте кан тапшыруу иш-чарасы өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 14.02.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 14-февралда Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде "Кан донорунун күнү” өткөрүлүүдө. Иш-чара “Ыйман” фонду тарабынан уюштурулган. Бул тууралуу фондун ыктыярчысы Чыныбек кызы Мээрим билдирди.

Анын айтымында, иш-чара “Ыйман” фондусунун ыктыярчылары менен биргеликте Кан борбору тарабынан уюштурулуп жатат. Донорлор биринчиден анкета толтурат анан анализ жана кан басымын тапшырууда.

“Гемоглобин жана кан группасы туура келсе кан таршырышат. Донордун гемоглобини 120дан жогору болушу керек. Донорлорго 100 сом менен бир шоколад берилип жатат”,-деди Чыныбек кызы Мээрим.

Пикир

Оставить комментарий