• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте каналдан аялдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. Бишкекте каналдан аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аялдын сөөгү борбор калаанын Шабдан Баатыр проспектиси менен Муктар Ауэзов көчөсүнүн кесилишинде каналдан табылган.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Учурда Свердлов райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан маркумдун өздүгү такталууда.

Пикир

Оставить комментарий