Бишкекте “Келечек оюндары” мультиспорттук турнири өттү

Коом 0

Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Бишкектеги "Газпром-балдарга" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында фиджитал-футбол боюнча "Келечек оюндары" мультиспорттук турнири өттү.

"Келечек оюндары" – бул физикалык (physical) жана санарип (digital) спорт түрлөрүн бириктирген мультиспорттук иш-чара.

Турнир жаштар арасында дени сак жашоо образын жайылтууга жана Кыргызстандагы жаңы фиджитал-дисциплиналарга көңүл бурууга багытталган.
Турнирге жалпысынан 8 команда (64 спортчу) катышты.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр болуп төмөнкүлөр аныкталды:
1-орун - KYRGYZ FORCE;
2-орун - Кыргыз Фристайл;
3-орун - Тойота Борбору.

Мындан тышкары, мыкты оюнчу наамын Атай Өмүрзаков алды.

Белгилей кетсек, иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаменти Кыргызстандын компьютердик спорт федерациясы менен биргеликте Кыргыз футбол союзунун колдоосу менен уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий