Бишкекте "KG Group" компаниясына таандык 3 турак жай мыйзамдаштырылды

Коом 0


Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, "KG Group" курулуш компаниясынын Бишкектеги 3 турак жай комплекси мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Объектилердин эксплуатацияга берүүгө уруксат берген актысын жашоочуларга Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев тапшырды.

Ошентип, Бишкек шаарынын аймагындагы төмөнкү даректерде жайгашкан турак жай комплекстери мыйзамдуу түрдө пайдаланууга берилди:

  • Абай 7а дарегинде жайгашкан "Сейтек";
  • А. Токомбаев 33, 33а дарегинде жайгашкан "Датка Ордосу";
  • Куйручук 26, 26/1 дарегинде жайгашкан "Шабдан".

Белгилей кетсек, аталган турак жай комплексттеринин уруксат кагаздары 2017-жылдан бери бүтпөй келген.

Пикир

Оставить комментарий