• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкекте КМШ жаштарынын Дельфи оюндары өтөт

Маданият 0

Бишкек, 18.09.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 30-сентябрдан 5-октябрга чейин Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын Дельфи оюндары өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Оюндар КМШнын Аткаруу комитетинин жана Парламенттер аралык ассамблеясынын колдоосу менен өтөт жана ага шериктештикке кирген өлкөлөрдүн 7 жаштан 17 жашка чейинки жарандары катыша алат.

Иш-чара искусствонун жогорку форуму катары Дельфи оюндарын өнүктүүрүгө, маданияттар аралык диалогду жана КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы байланышты бекемдөөгө жана маданият ишмерлеринин кесиптик өсүшүн колдоого багытталган. Оюндар конкурстук жана фестивалдык программалардан турат.

Дельфи оюндары – 2024 КМШнын искусствосунун жана маданиятынын келечегин көрүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.

Пикир

Оставить комментарий