• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын форуму өтөт

Коом 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 11-13-сентябрь күндөрү КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын форуму өтөт. Иш-чаранын темасы: "Маданияттардын өз ара аракеттенүүсү аркылуу – шериктештикке жана тынчтыкка карай".

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага катышуу үчүн шериктештик өлкөлөрүнөн 200дөн ашуун өкүл келет.

Пленардык жыйындарда жана профилдик секцияларда илим, билим берүү жана искусство ишмерлери билим берүүдөгү кызматташуунун жаңы форматтарын, ыктыячылар чөйрөсүндөгү жаштардын демилгелерин, маданияттар аралык диалогду калыптандырууну талкуулашат. Борбордук панелдик талкуу 2023-жылдын башкы темасы болгон улуттар аралык байланыш каражаты катары орус тили жылына арналмакчы.

Ошондой эле, форумдун катышуучулары диалогдордун бирин залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына, анын азыркы учурдун руханий жана адеп-ахлактык дүйнө таанымына тийгизген таасирине арнашат.

Форумдун алкагында КМШ мамлекеттер аралык "Шериктештик жылдыздары" жана "Шериктештик дебют" сыйлыктарынын лауреаттарын сыйлоо аземи, ошондой эле КМШ Жаштар симфониялык оркестринин концерти өтөт.

Ошондой эле, Форумдун алкагында биринчи жолу мамлекеттик маалымат агенттиктеринин башчыларынын жыйыны жана КМШ театр союздарынын жетекчилеринин тегерек столу өтөт.

Чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын форумдары-Шериктештик мейкиндигинде жылдын негизги гуманитардык иш-чарасы. Ал кезектешип КМШ өлкөлөрүнүн борборлорунда өткөрүлөт.

Иш-чара КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана КМШга мүчө мамлекеттердин гуманитардык кызматташтыгынын мамлекеттер аралык фонду (МФГС) тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий