Бишкекте троллейбустун айдоочусу президенттин колунан сыйлык алды

Коом 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. 8-март – Аялдардын эл аралык күнүн утурлай Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөнүн бардык аймактарынан келген ар кыл кесиптин өкүлдөрү менен жолугушту. Алардын арасында троллейбустун айдоочусу, Бишкек шаарынын тургуну Сагынбаева Гүлсара Абдылдаевна бар.

Гүлсара Абдылдаевна 1982-жылдан бери Бишкек троллейбус башкармалыгында эмгектенип, 2007-жылы 2-класстагы айдоочу, 2016-жылы 1-класстагы айдоочу болгон.

Бишкек шаарынын мэриясы Гүлсара Абдылдаевнаны сыйлыгы менен, ошондой эле бардык айымдарды келе жаткан майрамы менен куттуктайт!

Пикир

Оставить комментарий