• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Элчи Жаманбаев Өзбекстанда эмгектенген КР жарандары менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 06.05.23./Кабар/. КР Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында Кыргызстандын элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстанда эмгектенген кыргыз жарандары менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө иш-чаранын катышуучулары КР Конституциясынын кабыл алуу тарыхын жана өнүгүүсүн, ошондой эле коомдогу жана мамлекеттеги ордун талкуулашты.

Элчи мекендештерди КР Конституция күнү менен жылуу куттуктап, өлкөдө экономиканы өнүктүрүүгө жана Кыргызстан элинин жыргалчылыгын жакшыртууга багытталган жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө маалымдады.

Мындан тышкары, кыргыз-өзбек мамилелеринин азыркы абалы, жогорку деңгээлдеги биргелешкен иш-чаралар, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын Өзбекстандын аймагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Элчи жарандардын суроолоруна жооп берип, элчиликтин ишмердүүлүгүн активдүү колдогондугу үчүн, ошондой эле эки боордош элдин достугун чыңдоого кошкон жарандык жоопкерчилиги жана салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий