• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президент Жапаров июлда ШКУнун саммитине катышуу үчүн Индияга барат

Президент 0

Бишкек, 06.05.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 3-4-июлунда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Индияга барат. Анда өлкө башчы Нью-Дели шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат.

Бул тууралуу Кыргызстан жана Индиянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Субраманям Жайшанкардын жолугушуусунда маалым болду.

Тараптар Индиянын Панажи шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында жолугушкан.

Пикир

Оставить комментарий