• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте КМШнын билим берүү жаатындагы кызматташтык кеңешинин жыйыны өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин билим берүү жаатындагы кызматташтык кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага билим берүү министрлери, КМШ өлкөлөрүнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, ошондой эле билим берүү тармагындагы алдыңкы эксперттер катышууда.

Кеңештин жыйыны КМШ мамлекеттеринин ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган. Катышуучулар билим берүү системасын өнүктүрүү, окуу процессине заманбап технологияларды жана инновацияларды киргизүү маселелерин талкуулашат, ошондой эле биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруунун келечегин карашат.

Билим берүүнү санариптештирүү, мектептик жана жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле кадрларды кесиптик жактан даярдоо жана кайра даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү жана КМШ өлкөлөрүндөгү жаштардын демилгелерин колдоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жолдорун дагы талкуулашат.

Жыйындын Бишкекте өтүп жатышы КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү жаатындагы жалпы милдеттерди чечүүдө күч-аракеттерди бириктирүүгө жана өлкөлөрдүн ортосундагы билим берүү жаатындагы байланыштарды андан ары өнүктүрүүгө умтулгандыгын айгинелейт.

Пикир

Оставить комментарий