• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Биринчи май райондук милиция кызматкерлери “диний экстремизм” темасында семинар өткөрүштү

Коом 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери “диний экстремизм” темасында КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлү менен жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын филиалында семинар өткөрүштү. Бул тууралуу райондук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча "Кыргыз темир жолу" Мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери катышты.

"Бул иш-чаранын негизги максаты - диний-экстремисттик көрүнүштөрдүн алдын алууга жана бөгөт коюуга, терроризм актысын жасоо коркунучу алдында темир жол жетекчилеринин жана кызматкерлеринин алдын алуу чараларына жана аракеттерине багытталган. Бул жолугушуу жемиштүү жана конструктивдүү өттү, кызматкерлер бул тематикага жигердүүлүк жана кызыгуу менен катышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий