• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Министрлер кабинетинин 100 күнү: Салык процедураларын санариптештирүү – Смарт Салым

Өкмөт 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Салык процедураларын санариптештирүүгө багытталган – Smart Салым (салык процедураларын фискалдаштыруу) долбоорун ишке ашыруу алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан төмөнкүдөй иш-чаралар жүргүзүлдү:

- 2021-жылдын ноябрь айынан тарта Ишкерлерди тейлөө борбору өз ишин баштады, анда Бишкек шаарынын ишкерлери «бирдиктүү терезе» принцибинин негизинде 9 мамлекеттик органдын консультациясын жана мамлекеттик кызматтарын ыкчам жана толук түрдө ала алат;

- 2021-жылдын декабрынан тарта Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча жүктөрдү автоунаа менен ташууда навигациялык пломбаларды колдонууну сыноо боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилген. Навигациялык пломба ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу импорттоодо жүк ташуучу унаалардын товарларды ташуусун көзөмөлдөө үчүн колдонулат;

- 2022-жылдын 10-январынан тартып акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоор ишке киргизилди. Анын алкагында 2022-жылдын 10-январынан тартып 30-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү жана/же ыктыярдуу маркалоого тийиш болгон акциздик товарларга акциз салыгын санариптик башкаруу механизми эксперименталдык режимде киргизилген;

- бир катар банктар («РСК-банк», «Айыл Банк», «Керемет Банк» ААК) тарабынан ишкерлер үчүн контролдук-кассалык машиналар бериле баштады;

- салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды реструктуризациялоонун мөөнөттөрү узартылды. Тактап айтканда, 2022-жылдын 1-июлуна карата салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн төлөөчүлөр үчүн туумдар, санкциялар жана айыптар 100 пайызга жана 2022-жылдын 31-декабрына чейин карыздын негизги суммасын төлөгөндөр үчүн 50% эсептен чыгарылат. 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн карыз реструктуризациялоого жатат;

- Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштын натыйжасында жапа чеккен ишкер субъекттилерине салык боюнча жеңилдиктер берилип, мөөнөтү узартылды.

Пикир

Оставить комментарий