• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте КМШнын Жаштар симфониялык оркестринин концерти өттү

Маданият 0

Бишкек, 12.09.23./Кабар/. Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI форумунун алкагында КМШнын Жаштар симфониялык оркестринин концерти өттү.

Оркестрдин негизги курамын Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы А. Жумакматов атындагы мамлекеттик академиялык оркестри түздү. Көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру Рахатбек Осмоналиев, дирижердук пультта Россиянын Эл артисти, "Шериктештик жылдызы"сыйлыгынын лауреаты болгон Сергей Скрипка жана Түркмөнстандын жаш дирижеру Расул Клычев болду.

“Шериктештик жылдызы” сыйлыгынын лауреаты, Азербайжандын эл артисти Динара Алиева, жана дагы бир “Шериктештик жылдызы” сыйлыгынын лауреаты, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери Азамат Желтыргузов жана Кыргызстандын “Акак” комузчулар ансамбли көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Маалымат катары: Оркестрди түзүү МГКФтин маанилүү долбоорлорунун бири болуп саналат. Оркестр жамааты биринчи жолу 2007-жылы чогулган. Анын курамына салттуу түрдө Шериктеш мамлекеттердин жаш музыканттары, беделдүү музыкалык сынактардын жеңүүчүлөрү кирет. Көп жылдар бою белгилүү дирижёрлор Юрий Симонов, Владимир Спиваков, Василий Валитов оркестрге жетекчилик кылышкан.

Пикир

Оставить комментарий