• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Түркиядагы кыргыз элчилиги Малазгирттеги жеңиштин 950 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты

Маданият 0

Бишкек, 29.08.21. /Кабар/. Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чакыруусу боюнча 2021-жылдын 23-25-августунда Кыргызстандын Түркияданы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин жетекчилигинде элчилик Муш аймагында жана Битлис аймагынын Ахлат районунда Малазгирттеги жеңиштин 950 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ахлат районунда боз үйлөр тигилип, анда 10 дипломатиялык миссиянын өкүлдөрү - Кыргызстан, Азербайжан, Афганистан, Шри-Ланка, Индонезия, Парагвай, Бангладеш, Танзания, Доминикан Республикасы, Филиппин, эл аралык жана коомдук уюмдар, Түркиянын ар кандай шаарларынын мэриялары улуттук маданияттын буюмдарын (костюмдар, музыкалык аспаптар, кол өнөрчүлүк жана зергер буюмдар, идиштер ж.б.) көрсөтүштү. Муну менен бирге, элчиликтин боз үйүндө өлкө тарыхы менен маданиятын чагылдырган сүрөттөр жана видеоролик көрсөтүлдү, улуттук тамак-аш тартууланды, ошондой эле улуттук композициялар ойнотулуп, Кыргызстандын туристик потенциалы жөнүндө китепчелер жана буклеттер таркатылды.

Малазгирт районунда театрлаштырылган көрсөтмөлөр, элдик оюндар, атчан жаа атуу, түрк спорттук мелдештер, ошондой эле Ван аймагынын Улуу Памир айылынындагы этникалык кыргыздардын катышуусу менен көк бөрү оюну өттү.

2021-жылдын 25-августунда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган ТРнын вице-президенти Фуат Октай, парламенттин төрагасы Мустафа Шентоптун коштоосунда Ахлат районунда салтанаттуу иш-чарага катышты. Ага түрк министрликтердин жана ведомстволордун, дипломатиялык миссиялардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын жетекчилери, түрк парламентинин депутаттары, аймактардын губернаторлору менен шаарлардын мэрлери, коноктор ж.б. катышышты.

Маалымат катары: 1071-жылдын 26-августунда селжук түрктөрү Византия армиясын талкалашкан. Малазгирт согушунда византиялыктардын жеңилиши, түрктөрдүн Анадолуга массалык түрдө көчүү процессинин башталышына жана бул аймакта үстөмдүк кылышына өбөлгө түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий