• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте комендатуранын түз байланыш номерине укук коргоо кызматкерлерине карата 1 миң 500 арыздануу болгон

Коом 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Бишкекте өзгөчө абал киргизилгенден бери комендатуранын түз байланыш номерине укук коргоо кызматкерлерине карата 1 миң 500 арыздануу болгон. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, негизинен арыздануулар блокпосттордо жаралган жол тыгындары боюнча болгон.

"Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер мунун баары биздин каалоо менен болуп жаткан жок. Посттордо унаадагы жарандар текшерүүгө алынгандыктан жолдо тыгын жаралып, жарандар үчүн ыңгайсыздыктар жаралып жатат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий