• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Транспорт министри “Бишкек - Кочкор” темир жолунун курулушунун жүрүшү тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Бишкек - Кочкор” темир жолунун курулушу тууралуу айтып берди.

"2023-жылга 15 чакырым темир жолун куруу иштери пландалып, толугу менен алдыңкы катмары аяктап жатат, темир-бетон шпалдарды жана рельстерди төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле саздак тилкеде 1300 метр узундуктагы георешеткалар орнотулуп, жамгыр жана сел сууларын агызып туруу учун 10 даана суу өткөргүч түтүк төшөлдү. Учурда жумуштар уланууда”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий