• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте бала бакчалар, билим берүү борборлору иштей баштайт – дагы кайсы тармактарга иштөөгө уруксат берилүүдө?

Коом 0

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 1, 5 жана 8-июндан тарта өлкөдө кайсы тармактарга ишин жандандырууга уруксат берилерин айтып берди.

Анын айтымында, республикалык штаб тарабынан айтылгандай, бешинчи этап менен төмөнкү иш-аракеттердин түрлөрү ишин баштайт:

1-июндан тарта:

1. Керектөөчү товарларды жана тамак-аш азыктарын өндүрүү жана соода-сатык чөйрөсүндөгү иштин бардык түрлөрү;

2. Калкты тейлөө кызматтары тармагындагы иштин бардык түрлөрү;

3. Аудит жана консалтингдик компаниялар;

4. Жарнама агенттиктери;

5. Туристтик жана эс алуу жайлары (эс алуу үйлөрү, пансионттар, тарыхый жайлар ж.б.), жеке унаалар менен саякаттоо сунушталат.

5-июндан тарта:

1. Бала бакчалар;

2. Билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү (тил курстары жана билим берүү кызматтарынын башка түрлөрү) гигиена нормаларын жана келгендердин ортосундагы аралыкты сактоо сунушталат).

8-июндан тарта:

1. Ички аба каттамы ("Бишкек-Ош" каттамы, күнүнө бир жолу).

Төмөнкү багыттар боюнча чектөөлөр калтырылат:

- маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана массалык иш-чараларын өткөрүү;

- көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү (түнкү клубдар, караоке, кальян ж.б.);

- интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;

- кинотеатрлардын ишмердүүлүгү;

- соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан тамактануу пункттарынын (тамак-аш кортору) ишмердүүлүгү;

- балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү (анын ичинде соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан);

- автобус, кичи автобус менен шаарлар жана аймактар ортосунда жүргүнчүлөрдү ташуу.

Пикир

Оставить комментарий