• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 3,5 миңден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 3 миң 513 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 50 учур катталган. Ал эми 34 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго жөнөтүлгөн.

Өзбекстанда карантин 15-июнга чейин узартылды.

Учурда өлкөдө 3 миң 513 адам илдет жуктурса, анын 2 миң 728и айыккан. Ал эми коронавирус жуктурган 14 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий