• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Бишкекте «Коопсуз жашоого укук!» аталышындагы иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Бишкек шаарындагы «Диалог» шаардык маданият үйүнүн концерттик залында «Коопсуз жашоого укук!» аталышта иш-чара өттү.

Иш-чара гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк акциянын алкагында уюштурулуп, 200дөн ашуун катышуучуларды чогултту. Алардын арасында спортчулар, спорттук уюмдардын кызматкерлери жана көрүүчүлөр болду.

Ага Бишкек шаарынын ИИБнын ИДН жана СОБ кызматкерлери, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын балдарга жардам берүү борборунун психологу катышты. Алар зомбулук менен күрөшүүнүн жана ар бир адамдын укугун коргоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурушту.

Белгиленгендей, «Кыргыз руху» фольклордук ансамбли маданий түшүнүктү жайылтууга багытталган программасы менен иш-чарага өзгөчө атмосфера тартуулады.

Бул иш-чара зомбулук жана дискриминация көйгөйлөрүнө көңүл буруу менен коркпостон жашоого укуктун маанилүүлүгүн баса белгилеген дагы бир кадам болду.

Эске салсак, аталган иш-чара Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти «Диалог» шаардык маданият үйү менен биргеликте уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий