• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте корей кимчи фестивалы өтөт

Коом 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. 29-октябрда Бишкек шаарында корей кимчи фестивалы жана салттуу шараптын дегустациясы өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кореянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулуп, Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда саат 11:00дөн 15:00гө чейин өтмөкчү.

"Кимчи, корей шараптарын даамдоо фестивалы, кимчи жасоону жана салттуу суусундуктардын ар кандай түрлөрүнүн дегустациясын жайылтуу жана уюштуруу аркылуу корей ашканасын салттуу суусундуктарын таанытуу үчүн маанилүү окуя болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө.

Кимчи - бул корей ашканасынын тамагы. Ал ар кандай жашылчалардан (негизинен кытай капустасы жана корей кызыл калемпири) жана ар кандай татымалдардан жасалат. 2013-жылы кимчи жасоо маданияты ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурас статусун алган.

Пикир

Оставить комментарий