Бишкекте коронавирус жуктуруп алгандарды 11 стационар кабыл алууда. Тизме

COVID - 19 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Бишкекте COVID-19 жана этиологиясы белгисиз болгон пневмония менен ооруган жарандарды кабыл алуу үчүн кошумча орундуктар ачылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бүгүнкү күндө Бишкекте 11 стационар бейтаптарды кабыл алып жатат:

• Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы (РКЖОО) – 100 орун;

• Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы (КТО) – 70 орун;

• №1 шаардык клиникалык ооруканасы (№1 ШКО) – 92 орун;

• Улуттук госпиталь (УГ) – 80 орун;

• Улуттук фтизиатрия борбору (УФБ) – 38 орун;

• Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (ЭжБКУБ) – 30 орун;

• Улуттук онкология жана гематология (УОиГ) – 10 орун;

• Улуттук хирургия борбору (УХБ) – 15 орун;

• Улуттук кардиология жана терапия борбору (УКжТБ) – 50 орун;

• Темир жол ооруканасы (ТЖО ) – 56 орун;

• 2 клиникалык төрөт үйү (КРД№2) – 20.

Жалпысынан борбор калаада 561 койко-орундук даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий