• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте коррупцияга каршы жаңы стратегия талкууланды

Коом 0

Бишкек, 04.02.22 /Кабар/. Кечээ, 3-февралда КР президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңеши (ККК) Кыргыз Республикасынын 2022-2024-жылдарга коррупцияга каршы саясатынын стратегиясынын долбоорун коомдук талкууга алды. Сунушталып жаткан стратегиялык долбоор экономикалык, башкаруучулук, техникалык жана идеологиялык чаралардын таасири аркылуу коррупцияга каршы күрөшүүнүн стратегиялык максатына жетүү үчүн иштелип чыккан.

КР президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башчысы Нурипа Муканова белгилегендей, аталган стратегиянын долбоору мурдагылардан айырмаланат, анткени жаңы документте Кыргызстандагы коррупцияга карата стратегиялык мамиле жана көз караш өзгөртүлгөн.

“Биз коррупция менен күрөшүүнүн юридикалык-укуктук жана репрессивдик ыкмаларынан баш тартып, чыныгы натыйжага негизделген ыкмаларды сунуштап жатабыз. Биз мурдагы стратегиялардын ийгиликсиздигинен сабак алуу менен коррупцияга каршы күрөшүүдө үч багыттуу мамилени колдондук, атап айтканда: коррупциялык суроо-талап жана коррупциялык сунуш бар, демек коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган башкаруучулук жана техникалык тапшырмаларды чечүү керек. Коррупция коомдук аң-сезимде четке кагуу үчүн калктын жүрүм-туруму менен коррупцияга карата маданий түшүнүгүн өзгөртүү үчүн маданияттын өзгөрүшүнө жетишүү зарыл. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишинин сапатын күн сайын автоматташтырылган мониторинг жана көзөмөлдөө аркылуу тутумдуу коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана кызматка таза, элге, өлкөгө кызмат кылууга даяр адамдардын киришин камсыздоо маанилүү”, - деди ал.

Муканова аталган стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу процессине активдүү катышкан жарандык секторго, илимий-билим берүү секторуна, бизнес-түзүмдүн жана мамлекеттик органдарга ыраазычылык билдип, алардын кызыгуусун жогору баалады.

Пикир

Оставить комментарий