• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстан менен Сауд Аравия саламаттык сактоо тармагындагы долбоорду ишке ашырууну талкуулады

Коом 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сауд Аравиянын саламаттык сактоо министринин орун басары Хани Абдулазиз Джохдар менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу ушул күндөрү Исламабад шаарында өтүп жаткан Саламаттык сактоо тармагындагы коопсуздук боюнча Глобалдык саммиттин алкагында өттү.

Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн, тактап айтканда, Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу ишке ашырылып жаткан Шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасынын жаңы хирургиялык корпусунун курулушун талкуулашты.

Министр Сауд Аравия өкмөтүнө Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, СOVID-19 пандемиясынын учурунда чоң гуманитардык жардам көрсөтүлгөнүн баса белгиледи.

"Жемиштүү кызматташуу уланууда, алсак өткөн жылдын аягында жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарга операция жасоо үчүн 30га жакын дарыгер келип, ошондой эле келишимге кол коюлган, анын алкагында төрт саламаттык сактоо уюмуна медициналык жабдуулар берилет. Сокулуктагы Жалпы дарыгерлик практика борборундагы оорукананын курулушуна колдоо көрсөтүү боюнча СӨФнун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү", - деди Бейшеналиев.

Өз кезегинде Сауд Аравиянын саламаттык сактоо министринин орун басары дарыгерлерди - кардиолог, трансплантолог, кардиохирургдарды даярдоону уюштурууда чоң тажрыйбага ээ экенин белгиледи.

"Бул тажрыйбаны Кыргызстан менен ийгиликтүү ишке ашырууга болот. Ошондой эле Сауд Аравияда көптөгөн кайрымдуулук фонддору бар, алар менен кызматташуу көңүл бурууга тийиш болгон тематикалардан көз каранды. Сауд Аравиянын Саламаттык сактоо министрлиги эл аралык тренингдер жана лабораториялар менен мамилелерди жөнгө салат. Ушул багыттар боюнча жемиштүү кызматташууга болот", - деди Абдулазиз Джохдар.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бардык маселелерди биргелешип иштеп чыгууга жана эки өлкөнүн Саламаттык сактоо министрликтеринин кызматташуу багыттарын белгилеген меморандумду кабыл алууга макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий