• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Энергетика министрлиги япониялык компания менен көмүр тармагында кызматташат

Коом 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. Бүгүн, 11-январда КР Энергетика министрлиги, "Кыргызстан-Кагошима" достук ассоциациясы жана япониялык "SENTO GROUP Co., Ltd" компаниясынын ортосунда көмүр тармагындагы кызматташтык жөнүндө үч тараптуу меморандумга кол коюлду.

Энергетика министрлигинен билдиришкнедей, документке энергетика министри Таалайбек Ибраев, "Кыргызстан-Кагошима" достук ассоциациясынын директору Оно Сумиёсу жана "SENTO GROUP Co., Ltd" компаниясынын директору Курэнума Синтаро кол коюшту.

Меморандум президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 17-20-ноябрында Японияга болгон иш-сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү багытындагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде жүрүп жатат.

Бүгүнкү кол коюлган меморандумдун негизги максаты тараптар көмүр тармагында кызматташып, көмүр кендерин чалгындоо, казуу иштери, көмүрдү байытуу заводун куруу жана логистикалык борборду негиздөө болуп саналат.

Мындан тышкары, жолугушууда заманбап технологияларды колдонуу менен көмүр казууда жергиликтүү калкты жумуш орду менен камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Япон тарап Кыргызстан менен гидроэнергетика тармагында дагы кызматташууга кызыктар экенин билдирди.

Маалымат үчүн: "Кыргызстан-Кагошима" достук ассоциациясы 2012-жылы Япония менен Кыргызстандын ортосундагы ар тараптуу байланыштарды өнүктүрүү максатында япон активисттери тарабынан түзүлгөн. Аталган ассоциациясы Кыргызстандагы инвестиция тартуу багытында автивдүү иш алып барат.

Ал эми "SENTO GROUP Co., Ltd." компаниясы 2009-жылы негизделген жана анын инфраструктуралык иштерди жүргүзүү, заманбап технологияларды колдонуу менен жолдорду куруу, табигый кырсыктардан кийин инфраструктураны калыбына келтирүү, табигый кырсыктарга каршы коргонуу чептерин куруу жана күн электр станцияларын курууга керектелүүчү жабдыктарды өндүрүү боюнча зор тажрыйбага ээ.

Пикир

Оставить комментарий