• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте коррупцияга шектелип Ленин РИИБ 1-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.08.22. /Кабар/. Бишкек шаардык Ленин РИИБ 1-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында Ленин райондук ИИБ 1-ШМБ башчысы, милициянын подполковниги Ч.А. пара алып жаткан жеринен кармалды, анын аракеттеринде жарандардан түшкөн арыздарды кароодо коррупциялык схемаларды уюштуруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган.

Ал 25-августта УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий