• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Бишкекте КР Эл акыны Рамис Рыскуловдун 90 жылдыгы белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Күн мурун Улуттук китепканада КР Эл акыны, А.Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, котормочу, сүрөтчү Рамис Рыскуловдун 90 жылдыгына арналган көргөзмө жана тегерек стол өттү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, анда жазуучулар жана маданият ишмерлери акындын басып өткөн жолун, жасап кеткен иштерин эскеришип, элдин эсине салышты.

Андан соң Ш.Термечиков атындагы Чүй облусттук музыкалык драма жана сатира театрында эскерүү поэзия кечеси өтүп, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университентинин студенттери, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы окуу жайынын окуучулары чыгаан таланттын ырларын окуп, концерттик программа тартуулашты.

Иш-чарага маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Рамис Рыскуловдун замандаштары жана бир топ маданият ишмерлери катышты.

Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган.

1951-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайын, 1959-жылы Москвадагы Борбордук жогорку комсомолдук мектепти жана Бүткүл союздук Максим Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштап, кийин «Ленинчил жаш» гезитинде, «Ала-Тоо» журналында эмгектенген.

Өмүрүнүн көп учурун чыгармачылыкка жумшаган. Акындын туңгуч ырлар жыйнагы 1959-жылы «Жаз» деген ат менен басылып чыккан. Ал «Поклон земле», «Даңкан», «Шаттуу ырлар», «Дилбар», «Күлкү чачам», «Жаштык шаары», «Эки жөжө», «Ырлар», «Ай бөбөк», «Ыр нөшөрү» өңдүү орус жана кыргыз тилдеринде чыккан ыр китептеринин, чыгармалар жыйнактарынын автору.

Рамис Рыскулов кыргыз адабиятына жаңычыл акын катары кирип, поэзияга биринчилерден болуп эркин ыр формасын киргизген.

Ал чет элдик акындар Пушкиндин, Некрасовдун, Михалковдун, Есениндин, Маяковскийдин, Вознесенскийдин жана Алимжановдун ырларын кыргызчага которгон.

Рыскулов сүрөтчүлүк өнөр менен да алектенип келген. 1987-жылы ал тарткан «Иисустун өнүгүшү» жана «Жылмаюу» деген сүрөттөрү Москвада өткөн элдик кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүндө диплом алган. Париждеги СССР элдеринин элдик кол өнөрчүлөрүнүн II фестивалында жеңүүчү болгон.

1987-жылы ССРС Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн лауреаты болгон.

Пикир

Оставить комментарий