Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигине авариялык-куткаруучу автоунааларды салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи болуп өттү.
Куткаруучу жана авариялык-куткаруучу түзүмдөр Япониянын өкмөтү жана БУУӨП колдоосу менен жалпы суммасы 793 миң 184 АКШ долларына керектүү жабдыктар менен жабдылган унаалар жана жабдыктарды алышты.
Иш-чарага Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, КР ӨКМ башчысы Нурболот Мирзахмедов ПРООНдун Кыргызстандагы ар дайымкы өкүлү Озонниа Ожиело жана элчи Есихиро Ямамуро катышты.
Пикир
Оставить комментарий