• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бишкекте КР соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы пландын долбоору тааныштырылды

Экономика 0

Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Бишкек шаарында КР соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча 2025-2027-жылдарга карата жаңы пландын долбоору тааныштырылды.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, жаңы пландын долбоорунун максаты соода процесстерин оптималдаштыруу, административдик тоскоолдуктарды жоюу жана соодадагы жөнгө салуунун ачыктыгын жогорулатуу болуп саналат.

Бул бизнеске шарттарды жөнөкөйлөтүп, экспортту стимулдаштырууга жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн бекемдөөгө жардам берет.

Артыкчылыктары:

  • чек арадагы жол-жоболорду автоматташтыруу жана заманбап технологияларды киргизүү аркылуу тездетүү жана жөнөкөйлөтүү;
  • соода процесстериндеги ачыктыкты жана алдын ала болжолдоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу;
  • эл аралык соодада чакан жана орто бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
  • КР эл аралык жана регионалдык соода демилгелеринде алдыга жылдыруу.

Иш-чараны Улуттук соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү кеңешинин Катчылыгы Эл аралык соода борборунун (ITC) колдоосу менен уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий