Бишкекте "Кучак" акциясынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Коом 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. "Менин өлкөм – менин үй-бүлөмдөн башталат" деген ураан менен уюштурулган "Кучак" аттуу интернет тармагында жарыяланган бир айлык акциянын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата үй-бүлө институтун бекемдөө жана өркүндөтүү максатында уюштурулган.

Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, эмгек министри Гүлнара Баатырова, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жана Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын директору Кыргызбай Осмонов катышты.

Эмгек министри Гүлнара Баатырова белгилегендей, үй-бүлө — биздин коомдун негизги уюткусу жана адамдын жашоосунда эң негизги ролду ойнойт.

Акциянын катышкан 40 үй-бүлөгө демөөрчүлөр тарабынан баалуу белектер — сыналгы, турмуш-тиричилик техникалары, баш байге Алматыга жана "Жаннат Ресорт" эс алуу борборуна жолдомолор тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий