Бишкек, 19.10.23. /Кабар/. Бишкекте Т.Сатылганов атындагы кыргыз мамлекеттик филармониясында "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын 30 жылдыгы белгиленүүдө.
Салтанаттуу иш-чара президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүүдө.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө катышуучуларды маараке менен куттуктап, "Кумтөр" Кыргызстандын экономикасына жаңы дем берип гана тим болбостон, долбоордун тегерегиндеги талаш-тартыштардын чечилиши Кыргызстандын эл аралык инвестиция үчүн жагымдуулугуна оң таасирин тийгизгенин белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий