• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Соцфондго январь айында 900дөн ашуун кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2024-жылдын январь айында 941 кайрылуу келип түшкөн.

Фонддон билдиришкендей, анын ичинде:

  • жазуу түрүндө кайрылуулар – 41;
  • ооз эки кайрылуулар – 110;
  • Соцфондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 11 жаран;
  • ишеним телефондор аркылуу – 494;
  • уюлдук ишеним телефону аркылуу – 285.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип тушөт:

  • пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
  • пенсияларды индексациялоо тууралуу;
  • пенсияга укугу боюнча;
  • пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
  • пенсиянын өчөмүнө кайра эсептөө боюнча;
  • пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
  • КР СФ ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.

Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн бардык суроолор боюнча мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий