• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

"Соцконтракт" программасы 41,5 миң баланын жашоосун жакшыртууга жардам берди

Коом 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. "Социалдык контракт" программасы 41,5 миң баланын жашоосун жакшыртууга жардам берди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, "Социалдык контракт" программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү механизми болуп саналат.

"Кирешенин жогорулашы бүт үй-бүлөнүн жашоо сапатын жакшыртат. Бүгүнкү күндө программа туруктуу киреше ала баштаган 13 миңге жакын үй-бүлөнү камтыды. Бул үй-бүлөлөрдө 41,5 миңден ашуун 16 жашка чейинки балдар жашайт. Алардын жашоо деңгээли ата-энелеринин бизнес-долбоорлорун өнүктүрүү менен жакшы жагына өзгөрдү", - деди ал.

Жылдыз Полотованын айтымында, жалпысынан мамлекет менен социалдык контрактка кол койгон үй – бүлө мүчөлөрү болгон 70 миңден ашуун адам бакубатчылыктын жакшырышына таасирин тийгизди. Анын ичинен 1,4 миң адам мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.

Пикир

Оставить комментарий